Саясат

Президент Сооронбай Жээнбеков: Карантин киргизиш оңой, бирок аны менен маселе чечилбейт

«Карантин киргизиш оңой, баарын жаап салабыз, баардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде, шайлоодон кийин карантин кайра киргизилет экен деген сөздөр болуп жатканына байланыштуу суроого жооп берип жатып.

«Башында билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик — ал өзүнүн эффектисин берди. Бирок, карантинди кое-бергенден кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай, кайдыгер мамиле менен, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды», — деп белгилеген Мамлекет башчысы, анын жыйынтыгы менен июнь–июль айларында кыйынчылыктар болгонун, оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй кал анын эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды,  өзүн сактанганды үйрөнүп жана жоопкерчилик менен мамиле кылса карантиндик режим сакталарын баса белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button