Дүйнө

Майкл Жексондун атасынын протез тиштери аукциондо сатылды

Поп-музыканын паашасы Майкл Жексондун атасынын протез тиштери аукциондо сатылды. Лоттун алгачкы баасы 200 фунт стерлингди (20 миң сомдон ашык) түзгөн. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Билдирмеге ылайык, протез тиштен сырткары сатыкка Жо Жексондун 60 буюму коюлган. Анын ичинде жеңил бут кийими, күмүш менен шөкөттөлгөн күрмөсү жана колу коюлган сүрөттөрү бар.

Мындан тышкары, аукционго ырчы Майкл Жексондун канынын изи калган капельница да коюлган. Медициналык жабдуу ырчынын өмүрүнүн акыркы күндөрү колдонулган. Жексондун туугандары ырчы каза болордо колунда дал ошол капельница турганын айтып, анда аткаруучунун ДНКсы калганын кошумчалашкан.

Майкл Жексон — тарыхтагы эң атактуу жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган ырчы. Гиннестин рекорддор китебине 25 жолу катталган жана «Грэмми» сыйлыгына 15 ирет татыган. Легендарлуу артист 50 жашында, 2009-жылы каза болгон.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button