Өкмөт үйүнүн алдында Атамбаев менен Жапаровдун тарапташтары чабышып кетишти

293

Садыр Жапаров менен кыязы, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары өкмөт үйдүн алдында кагылышып кетти.

Жапаровдун 400гө чукул тарапташы аны колдоо максатында митингге чыкты. Аларга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдойбуз деген топ жакындап келди. Топтолгондор алгач айтышып, андан соң урушуп кетишти.

“Азыр митингчилер тынчып калды, аларга элдик кошуундун мүчөлөрү көз салып турушат. Формачан милиционерлер жакын жерден көрүнбөйт. Кыязы, алар жөнөкөй кийинип алышса керек”, — деди маалымат берген адам.

Жапаровдун тарапташтары өкмөттүн имаратын “кайтарып” жаткандыктарын айтышты.

Жапаров учурда Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучуга талапкер болуп жаткан саясатчылардын бири.