Жээнбеков экс-президент Роза Отунбаева менен жолукту

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков экс-президент Роза Отунбаева менен жолугушту. Кабарды мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

Тараптар өлкөдө түзүлгөн кырдаалды талкуулап, андан чыгуу үчүн жалпы улуттук консенсуска келүү зарылдыгын айтышты.

“Жолугушуу жекшемби күнү болду. Президент өлкөдөгү абалга тынчсызданып, андан чыгуу боюнча өз көз карашын сунуштаган бардык коомдук жана саясий ишмерлер менен жолугууда”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Бишкек шаарында 5-октябрда Жогорку Кеңешке болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын толкундоосу жаралып, кечке “Ала-Тоо” аянтында турган. Ал эми кечинде аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылган. Көп өтпөй эл кайрадан “Ала-Тоо” аянтына келип, андан соң Ак үйдү басып алган. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана бир катар саясатчыларды абактан бошотуп алган.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Кечинде парламент премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.