Автомашинанын урулган, же урулбаганын билүүнүн эң жөнөкөй жолу

Көпчүлүк учурда, кардарлар, айдоочулар мурда айдалган автомашиналарды сатып алышат. Эксперттер, мурда айдалган машинанын эң опурталдуу деффекттерин жана урулуп-согулганын билүүнүн  эң жөнөкөй жолдорун айтып беришти. Муну Дзен-Профиль каналы билдирет.

Эгер, автомобиль өтө эле жалтыраса, анда ал жол кырсыгына учурап, андан соң ал жакшылап туруп ремонттолушу толук ыктымал деген ишенимде, эксперттер. Эксперттер сатуучулардын көпчүлүгү машина өтө олуттуу аварияга учураганын, аны бирден кайра курап чыгууга туура келгендигин жашырып туруп, сатып ийишет. Муну «Autofuct» билдирет.

Заводдук моделдерде болттор жана бекиткичтер (крепления) бирдей болот. Ошон үчүн адистер ушул майда-баратка өзгөчө көңүл бурууну айтышат. Балким, корпусу катуу кабырылып, көпчүлүк деталдары жараксыз болуп калып, мастер  прдеметтерди ремонттой албай, жаңылары менен алмаштырууга мажубур болушу ыктымал. Андыктан, эски менен жаңы деталдардын айырмасы көзгө дароо эле урунат, дешет автоэксперттер.

Андан сырткаары, сатып алуучулар машинанын баардык айнектеринин маркировкаларын салыштырып көрүүлөрүн сунушташат. Ал айнектердин ар биринде автомобилдин моделиндеги индекс турушу керек. Ушундай эле белгилер (индекс) коопсуздук курларында да болот – алардагы белгилер автомобилдин модели чыккан жылы менен дал келүүлөрү тийиш.