Депутаттар Садыр Жапаровдун премьер-министрлигин легитимдештирүү ниетин билдиришти

Жогорку Кеңештин бүгүнкү кезексиз жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров, коомчулукта ар кандай күдүк жаратууларды пайда кылбас үчүн, премьер-министр Садыр Жапаровдун кызмат абалын легитимдештирип коюу сунушун айтты. Дептутат Т. Зулпукаровдун мындай сунушун Жогорку Кеңешке жаңыдан спикер болуп шайланган Канатбек Исаев да колдой турганын, массалык-маалымдоочу каражаттарга интервью берип жаткан учурда билдирди. Садыр Жапаровдун өзүн эле премьер-министр катары легитимдештирип коюш керек, деген маанайдагы пикирди билдирди, жаңы спикер.

Анын айтымында бул жакынкы арада ишке ашырылат.