Сооронбай Жээнбеков парламенттен Садыр Жапаровдун маселесин чечип берүүнү суранды

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин кезектеги жыйынында Садыр Жапаровдун маселесин кароону сунуш этти.

Мамлекет башчысынын пресс-кызматынын маалыматы боюнча, бул тууралуу президент Жогорку Кеңештин спикери Канатбек Исаевге кат жолдоду. Ал катта 10-октябрдагы Садыр Жапаровду премьер-министрликке дайындоо, анын программасын, өкмөттүн составын жана структурасын бекитүү боюнча келип чыккан мыйзам бузуулардан улам, ал чечим кайрадан парламентке кайтарылгандыгы айтылган.

Эскерте кетсек, 13-октябрда өткөн ЖКнын жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров Садыр Жапаровдун кызмат абалын легитимдештирүүнү сунуштаган. Ушундай эле пикирди жаңыдан шайланган спикер Канатбек Исаев да билдирген.