Казакстанга 10,2 млн. сомдук алтын алып өтүп бараткандар кармалды

Чек ара кызматы кечээ, 14-октябрда, “Чалдыбар” чек ара өткөрүү пунктунан Казакстанга 10,2 миллион сомдук зер буюмдарды алып өтүүгө аракет кылгандарды кармады. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Казакстанга багыт алган Mersedes Benz Sprinter унаасы бекеттен өткөндө кылдат текшерүүгө алынган.

“Текшерүү учурунда айдоочунун кабинасынан 3 килограмм 648 грамм алтын буюмдар салынган баштык табылган. Анда сөйкө, шакек, билерик, чынжырча жана кулон сыяктуу буюмдар болгон. Алар 10 кутучага таңгакталып, айдоочунун отургучунун астына жашырылган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын жараны болгон 27 жаштагы И.А. аттуу айдоочунун жанында бул буюмдарга тиешелүү эч кандай документ болгон эмес. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган зер буюмдардын жалпы наркы 10 миллион 214,4 миң сомду түзөт.

Тийиштүү документтер толтурулуп, бул ишти андан ары териштирүү үчүн айдоочу атайын органдарга өткөрүлүп берилген.