ИИМ: КР Ички иштер министринин орун басарлары А. Орозалиевге жана М. Каниметовго генералдык наам ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков 2020-жылдын 14-октябрь күнү Ички иштер министринин кызматкерлерине жогорку атайын наамды ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, милициянын генерал-майору наамы Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары А. Орозалиевге жана М. Каниметовго ыйгарылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы