Камчыбек Ташиев Райим-миллионду таптырып карматаарын билдирди

Бажы кызмат башчысынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовго карата УКМКда кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу пресс-конференция учурунда УКМКнын жаңыдан дайындалган төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын сөзү боюнча биринчи тапшырмаларынын бири Райымбек Матраимовду кармоо болот.

«Акыркы 5-6 жылдын ичинде анын ысымы дайыма коррупциялык иштердин арасында жүрөт. Бул жагдай коомчулукта чоң резонанс жараткан. Мен Райымбек Матраимовду таап кармагыла деген тапшырма берем. Эгер ал чыны менен эле мыйзамды бузган болсо, анда жазасын алат. Коррупционерлердин бири дагы мамлекетти башкарбай турган болот», — деп айтты Камчыбек Ташиев.