ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Чүй ОИИББдин өздүк курамы менен жолукту

2020-жылдын 17-октябрь күнү ички иштер министри Улан Ниязбековдун Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башкармалыгынын, кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн начальниктери жана өздүк курамы менен жолугушуусу өттү. Жолугушуу учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана  кылмыштуулук менен күрөшүү багытындагы маселелер талкууга алынды.

“Милиция саясаттан тышкары турат. Биз эч кандай саясий кызыкчылыктарды көздөбөйбүз. Бул тартип сакчыларынын негизги милдети жана тапшырмасы. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын негизги көрсөткүчү өлкөдөгү укуктук тартиптин жана ыкчам кырдаалдын абалы жөнүндө коомдун пикири.”,-деп Улан Ниязбеков билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин башчысы Чүй ОИИББдин бөлүмдөрүнүн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнө токтолду. Укуктук тартип менен коопсуздук маселелерин талкуулап жатып, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди күчөтүү керектигин тапшырды. Андан сырткары Чүй ОИИББдин башчысына облус аймагында мыйзамдуулукту камсыз кылуу, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, коомдук тартипти сактоо багытында бир катар тапшырмаларды берди. Өзгөчө уюшкан кылмыштуулук, мал уурулук багытында иштерди күчөтүү керектигин белгиледи.

“Кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту сактап, жарандарга сылык мамиле кылууга өзгөчө көңүл бургула. Калктын ИИОго  болгон ишениминин деңгээли милициянын билдирүүлөргө кантип аракет көргөндүктөн жана өз убагында ыкчам жардам берүүдөн аныкталат”,-деп Улан Ниязбеков билдирди.

Жыйындын соңунда Чүй ОИИББдин өздүк курамына ыраазычылык билдирип, ИИМдин жетекчилиги өздүк курамды ар талаптан колдоого жана камкордук көрүүгө ар дайым даяр экендигин айтты.

ИИМдин Басма сөз кызматы