Коом

Окумуштуу Иванов адам менен маймылды жалгаштырган. Натыйжасы

Бул окуя СССРдин тушунда болгон. Советтик биолог Илья Иванов 1926-жылы Африкага командировкага жөнөйт – максаты шимпанзенин ургаачыларын адамдын уругу менен уруктандыруу эле. «Газета.Ru» жазгандай, окумуштуунун командировкасы, максаты тууралуу угуп калышкан Советтер Союзунда жашашкан көптөгөн аялдар, бул экспериментке катышкылары келишкен. Бул тууралуу Quicker-news порталы жазып чыкты.

Орус-совет окумуштуусу И. Иванов.

Африкада окумуштуу бул экспериментин, адегенде Француз Гвинеясында жайгашкан Киндияда өткөрүүгө уруксаат алат. Бирок ал жерде шарт болбогондуктан, илимий экспериментин ошол эле Гвинеянын Конакри ботаникалык багында өткөргөн.

Экспериментке эки ургаачы шимпанзени катыштырышып – аларды белгисиз донорлордун уруктары менен уруктандырышкан.

Бирок советтик биологдун адам менен маймылды аргындаштыруу эксперименти ийгиликсиз аяктайт – эки ургаачы шимпанзенин тең боюна бүткөн эмес. Ал гана түгүл Ивановдун ыктыярчы аялдарды шимпанзенин уругу менен уруктандырганы да ийгилик алып келген эмес – бир дагы зайып кош бойлуу болгон эмес.  

И. Ивановдун илимий эксперименти тууралуу жарыяланган макала.

Окумуштуунун андан аркы эксперименттерине Гвинеянын өкмөтү каршы болгондуктан, И. Иванов СССРге кайтууга мажубур болгон.

Ушинтип советтик окумуштуунун адам менен маймылды аргындаштырууга (гибриддештирүүгө)  жасаган илимий эксперименти ийгиликсиз аяктаган.  

1927-жылы Африкадан кайткандан кийин окумуштуу саясий куугунтукка дуушар болгон: аны 1930-жылы беш жылга Алматыга сүргүнгө айдап ийишкен. Ушул калаада ал 1932-жылы капилеттен ооруп көз жумган.

Баса, Илья Ивановдун маймыл менен адамды жалгаштыруу ниети табиятка жана адамдык адепке сыйбаган аморалдуу көрүнүш катары чиркөө тарабынан өтө катуу сынга алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button