Коом

Раим- миллион тергөө менен кызматташмай болду, кезек Али Токтакуновдо

Бүгүнкү күндө кичине дебей, чоң дебей көпчүлүк элдин бүйүрүн кызыткан жаңылык Раим миллиондун кармалышы болуп жатты эле. Эки кишинин башы кошулса деле, соцтармактарда жаш-кары дебей – баары, мамлекеттик ишканабы же жеке ишканабы баарында Раимдин кармалышы чоң талкууну жаратып жаткан. Экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин мыйзамсыз 4 ай камалганын айтып, казынаны тоногон эргулду 4 саатта бошотуп жибергени белгиленген, жөн эле ичинен кан өткөндөй пикири фейсбукту аралай чаап жүрөт.

УКМК Райым Матраимовду кармаарын го кармап алып, эми аны эч жакка чыкпайм деген тилкат менен кайра кое бергени буга чейин эле эл арасындагы “бул бийлик Раимди кармап, жөн эле шоу кылат” деген имиштерине дал келип отурат.

Анысы аз келгенсип, анын мамлекетке келтирген зыяны болгону 2 млрд сом деп бааланганы дагы элдин кыжырын кайната баштады.

Кезинде “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу Раим Матраимов күнүнө миллиондогон сомдорду чыгарылып турганын ошол эле аэропорттогу чек ара кызматкерлери көргөнүн айтып чыгышкан. Алар жеке коопсуздуктары үчүн өлкөдөн чыгып кетишкенин да жарыялашкан.

Раим миллиондун миллиондорун иликтеген журналисттердин бири — “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов дагы 2-3 өнөктөшү менен иликтөө жүргүзүп, миллиондордун изин казып чыгышканын жарыялагандыгы белгилүү.

Эмнеси болсо дагы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Раим Матраимовду кармашты деген жанылык азыр күүлдөп турган учур. Калганын убакыт көрсөтөт.

Раим Матраимов тергөө менен кызматташууга макулдугун берип, тил кат менен чыкты. Буга чейин эле иликтөөлөрү боюнча Алиге да тергөө менен кызматташуу сунушталган. Бирок учурунда Прагадамын деп онлайн көрсөтмө берерин айтып, келген эмес эле.

Раим тергөө менен кызматташууга макулдугун берди. Эми бул чон ызы-чуунун учугун чубаган Али Токтакунов дагы тергөө менен кызматташууга келиши керек. Кезек Алидеби?

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button