Анжелика эми тергөөчүнүн ролунда

Ырчы Анжелика Сүйүн Откеев продюсерлик кылган “Адилет” аттуу тасмада тергөөчүнүн ролун жаратат. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

“Буюрса, бир жылдан бери даярдык көрүп, эң жылдыздуу, таланттуу актёрлорду топтоп, чыгымдарды колдогон өнөктөштөр менен өзүм чоң жоопкерчилик алып продюсер болуп аттанып жатабыз.

12 сериядан турган сериал чындыкты, адилеттүүлүктү чагылдырып, боевик, романтика, мелодрама менен коштолот.

Азырынча аталышы башкы каармандын атынан “Адилет” боюнча турат. Варианттардын бири “Үмүт” (надежда) жакшы жаңыланууга үмүт менен аттандык. Үмүтбектин жаркын элесине деген ой бар”, – делет анда.