ВИДЕО-ФОТО: Үйлөрдөн мүлктөрдү уурдоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери үйлөрдөн мүлктөрдү уурдаган кылмыштуу топту кармашты. Кылмыштуу топтун эки мүчөсү  чет өлкөлүк жарандардан болушат. Жакында эле алар Ленин районунун аймагынан  ири суммадагы акча каражатын,  алтын жасалгаларды уурдап кетишкен. Андан сырткары, шектүүлөр Бишкек шаарынын аймагында андан башка ондогон уурулукту жасоого шектелишүүдө.

 2020-жылдын 21-октябрь күнү кылмышкерлер Матыев  көчөсүндө жайгашкан үйгө кирип, 100 миң сом акча каражатын, алтын жасалгаларды уурдап кеткен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан. Аталган факты КЖБРге катталып, Ленин РИИБи Кыргыз Республикасынын  Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,2,3-пунктары (адамдардын тобунун ири көлөмдөгү уурулукту жасоосу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.  Шектүүлөр автоунаа менен жүрүшүп, бирөөсү унаада калып, калган экөө үйгө уурулукка кирген соң, зер буюмдарды жана акча каражаттарын  уурдап кетип жүрүшкөн.

 Жакында, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чараларды жүргүзүшүп, нгатыйжада үй ууруларынын тобу шаарга жакын жерден кармалган.  Кармалган жарандардын өздүгү такталып, мурда бир нече жолу соттолгон Казакстандын жарандары  1988-жылы туулган Г.С. менен 1988-жылы туулган Ф.М., Чүй облусунун Аламүдүн районунун 1962-жылы туулган Б.В. экендиги аныкталган.

Азыркы учурда мүлктөрдү уурдоо боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы