Саясат

Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Алмаз Мамбетов 2019-жылдын 19-апрелинде Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалып, бул кызматтан 2020-жылдын 13-февралында бошотулган. Себеби айтылган эмес. Ага чейин мамкаттоо кызматынын карамагындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин иши Коопсуздук кеңешинин сынына кабылган.

Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болгонго чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп турган. Мэр кезинде өзүнүн мурдагы кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү интернетке тарап, сөгүнчөөк мэр атка конгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button