Венесуэла коронавирустун дарысын тапты. Президент Мадуро билдирди
Венесуэлада SARS-CoV-2ге (коронавирус инфекциясына) каршы күрөшө турган дары ойлоп табышты. Бул туурасында Боливар Республикасынын (Венесуэланын) президенти Николас Мадуро 25-октябрда өзүнүн Twitter.баракчысына жазып чыкты. Муну REGNUM кабарлады.
«Өтө кубанычтуу жаңылык! Биз DR10 молекуласын Covid-19 менен күрөшө турган, вируска каршы жогорку эффективдүү дары катары сертификациялап жатабыз. Бул дарыны бүтүндөй дүйнө жүзүнө сунуш этүү үчүн БДССУ (ВОЗ-Всемирная организация здравоохранения) менен бирдикте сертификациялоо процессин баштадык», — деп жазды Мадуро.
Анын сөзү боюнча окумуштуулардын IVIC командасы алты ай боюу иликтөө жүргүзгөн. Анын натыйжасы «ден соолукка уулуу таасир тийгизбей турган, COVID-19 вирусун жүз процент жок кылуучу молекула алынды», -деп белгиледи ал.
«БДССУнун жактыруусуна ээ болгондон кийин Венесуэланын өкмөтү бул молекуланы массалык түрдө чыгара башташ үчүн эларалык альянстарды издей баштайт», -деп айтты президент Мадуро.