Саясат

Өлкө бюджетинин дефицити дагы 8 млрд. сомго көбөйдү

Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы 35,6 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирди.

Учурда 2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланып жатат.

Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 137,2 миллиард сом (1,8 млрд. көбөйүп жатат). Ал эми чыгаша бөлүгү 172,8 миллиард сомго жетти, муну менен мурда кабыл алынган бюджетке 9,7 миллиард сом кошулуп жатат.

Анын натыйжасында бюджеттин тартыштыгы 35,6 миллиард сомду түзүп, дефициттин көлөмү дагы 7,9 миллиард сомго көбөйдү.

Ал эми өлкөнүн ички дүң продукциясы тогуз айда 400,2 миллиард сом болуп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөгөнү маалым болду.

Жапаров учурда жаңы куралган өкмөттүн алгачкы жыйынын өткөрүп жатат. Анда кыска мөөнөттө экономиканы турукташтыруу жана бюджетке өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланууда.

Белгилей кетсек, республикалык бюджетке ушуну менен экинчи ирет өзгөртүү киргизилип жатат. Коронавирустун кесепетинен улам июнь айында дагы өзгөртүү киргизилип,  бюджеттин тартыштыгы 27 692,2 миллион сом менен бекитилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button