Маданият

Гүлшайыр Садыбакасова: Бүгүн Эркин 19 жашка чыкмак. Жаратканым бейиштен орун берсин…

Бүгүн, 2-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын маркум уулу Эркиндин туулган күнү. Ал 19 жашка толгон уулунун туулган күнүн жакындары менен белгилеп жатканын айтат:

“Бүгүн Эркинтайымдын туулган күнү…19 жашка толду…19 жаш, ойносо оюнга, күлсө күлкүгө, эркелесе эркеликке кыялданса кыялга тойбогон учур…

Бүгүн биз, жакындарың сенин туулган күнүңдү белгилеп олтурабыз…Сенин кылык-жоруктарыңды, мүнөзүңдү, пейилиңди, баскан-турганыңды, чукугандай сөз тапкан чечендигиңди, кандай гана суроо болсо жообу даяр билермандыгынды, 4 чет тилде эркин сүйлөгөн өзгөчөлүгүндү, музыкага болгон чексиз сүйүүңдү, билимге болгон ынтызарлыгыңды, кээ бир кырдаалдарда “Апам билбесинчи”-деп мени аяган учурларынды, Сайкал эжекеңе сүйөнүп акыл-насаатын угуп, сырларыңды бөлүшүп, бош боло калсаң эжекеңе жардам берип жанында болгондугуңду… айтор, сен жөнүндөгү жагымдуу эскерүүлөр такыр түгөнбөчүдөй.

Башкача бала элең… Францияда билим алып, Америкада жашагың келчү… Не дейин каралдым, козутайым, шумкарым, эркетайым максат-тилектериң орундалбай калды. Айла жок, Аллахтын айтканына баш ийет экенбиз. Өмүр жашың чектелүү экенин бир гана Жаратканым билет турбайбы? Эркинтайым, сен арабызда жок болсоң да, биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жашайсың. Аллахым акыретиңди абат, топурагыңды торко, ыйманыңды саламат кылсын! Жаратканым жаннаттан орун берип, бейиштин багында өзүң теңдүүлөр менен ойноп-күлүп жүргөндү насип кылсын!”.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button