Баткенде Кыргыз милициясынын майрамы белгиленди (ФОТО)

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96жылдык тарыхында  данктуу жана тарыхый жолду басып өттү. Таржымалында далай сыймыктуу барактар жазылды.

Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 1999-жылдын октябрь  айында түзүлүп, жыл сайын  Кыргыз милиция күнүн салтанаттуу белгилеп келет. Бул күнү да ар дайым эрте менен кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерип, алардын арбагына багышталып куран окулуп,  эстеликтерине гулчамбарлар коюлду.

Майрам салтанатында милиция кызматкерлерин куттуктаган Баткен ОИИБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов сөз сүйлөп,   азыркы заманда милициянын орду чон,  татаал жана түйшүктүү жумуш экенине токтолуп, ар дайым тартиптин, мыйзамдын сакчылыгында турган милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип куттуктады. 

Баткен ОИИБнын башчысы Акылбек Мамасейитов майрамга чакырылган район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнөн келген кызматкерлерди кызуу куттуктап, кезектеги наамдарды тапшырды. Мындан сырткары кызматынан өзгөчөлөнгөн 100дөн ашуун милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМнин сыйлыктарына ээ болушту.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы