Кыз кирди бекер жууй турган порошок тапты

Адамдар кир жуугуч порошоктор менен гелдерге көпчүлүк учурда кооптонуу менен мамиле жасашат – химия өтө көп. Ден соолукка зыян алып келбей турган порошокту кантип тандаса болот? Жок, кирди толук бойдон натуралдуу кир жуугуч каражаттар менен жууйм десеңер, анда ошондой мүмкүнчүлүгүңөр жетиштүү. Арзан гана эмес, бекер дагы. Ал кадимки эле каштан. Ооба, каштан. Кирди каштан менен кантип жууса болот?

Каштандын кабыгын аарчып алабыз, анан төрт белүккө бөлүп кесебиз. 6-7 эле каштан жетиштүү болот. Каштандын баары эле жарай берет.

Айнек банкага суу куябыз да, каштандарды салып туруп, капкак менен жаап таштайбыз.

Каштан салынган банканы 8 саатка, же түнү боюу калтырып койсок бобот. Андан соң банканы силкилдетип чайкай баштайбыз. Сууда самындын көбүгү пайда болуш керек.

Башка жолу

Кабыгынан ажыратылган каштандарды 15 минут кастрюлда кайнатыш керек — ушундай жол менен суюк самын тезирээк алынат. Бирок, мындай суюк самындын кир жуугуч машинанын иштешине кандай таасирин тийгизээри азырынча белгисиз.