Дүйнө

Бириккен Араб Эмираттары ичимдик ичүүгө жана никесиз бирге жашаганга уруксаат берди

Ичимдик ичүү жана никесиз бирге жашоо мындан ары Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) кылмыш болуп эсептелбейт. Бул – акыркы жылдардагы укуктук системаны  кайрадан карап чыккан — ажырашуудан тартып, мураскорлук эрежелери жана ичимдик ичүүгө чейин камтыган, ири өзгөрүү болуп саналат. Бул тууралуу 9-ноябрда ИноСМИ.Ру билдирди, деп News.mail.ru маалымдады.  

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян бир нече мыйзам актыларына кирген өзгөртүүлөрдү бекитти. Ал өзгөртүүлөр төмөнкүдөй коомдук маселелерди камтыйт: ичимдик ичүү, жарандык нике, өз жанын өзү кыю аракети ж. б. Бул туурасында, жекшемби — 8-ноябрда Тhe National басылмасы кабарлады.

Мамлекет башчысы атайын лицензиясыз ичимдик ичүүнү криминалсыздаштырды. Эми, 21 жашка жеткен өлкөнүн ар бир жараны жана турист, лицензиясыз эле ичкилик иче алат, же атайын бөлүнгөн жайларда аны сактайт, сата да алат..

Мындан тышкаары, жаңы документ боюнча – түгөйлөрдүн жарандык никеде чогуу жашашына уруксаат берилди. Башта бул кылмыш деп саналчу.

Ошондой эле, өз жанын өзү кыюга аракеттенүү да БАЭде мындан ары кылмыш катары саналбайт да, ал үчүн жазаланбайт. Ошону менен бирге, андайларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү  да (каза болуп калса дагы) кылмыш деп эсептелбейт. Бул экөө тең мурда кылмыш катары саналчу.

«Токтоосуз дароо күчкө кирген бул мыйзамдар, туристтерди жана түз инвестицияларды тартууга, ошондой эле эмираттын тургундарынын жашоо эрежелерин жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган», — деп билдирди басылма.

Эске сала кетсек, БАЭнин борбордук эмиратынын маданият жана туризм  департаменти, кокус еврей-туристтер келип кала турган болсо, жергиликтүү мейманканаларга, ресторандарында «кашруттук» (кошулмасы жок табигый ) тамак берүүгө уруксаат берди. Анүчүн мейманканалар аталган департаменттен бекер сертфикат алуулары керек.

Булак: https://news.mail.ru/politics/44073549/?frommail=1

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button