Садыр Жапаров бир тууган эжеси Райкүл Жапарова туурасында жооп берди

Бүгүн Президенттин милдетин аткаруучу жана Премьер-министр Садыр Жапаров журналисттер менен пресс-конференцияда ММК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатат.

Садыр Жапаровго эжеси Райкүл Жапарова тууралуу берген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:

“Эркин Асрандиев мага саясий оппонент катары менин эжекем боюнча жазды. Ал жерде толук маалымат жок. А негизи менин эжекеме саясий заказ болгон. Кылмыш иши буюртма менен козголгон. Эгерде бул кылмыш иши боюнча илгиси келгендер болсо, мен документтерди бере алам. Ошол эле учурда менин үй-бүлөөмө да куугунтук болгон”, – деп  жооп берди Жапаров.

Эске салсак, Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова Польша мамлекетинде кармалганын ушул жылы май айында Кыргызстандын ИИМинен билдиришкен. Ага Интерпол аркылуу мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Учурда Башкы прокуратура Жапарованы мекенине экстрадициялоо маселесин карап жатканын айткан.  

Райкүл Жапарова “Ысык-Көл” инвестициялык банкынын башкармалыгынын төрайымы болгон.