Кочкордо калкты тейлөө борбору ачылып, 104 жаштагы кемпир паспортун алмаштырды

Нарын облусунун Кочкор районунда калкты тейлөө борбору ачылып, алгачкы кызматын 104 жаштагы кемпирге көрсөттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, улгайган аялдын 1994-жылкы паспортун алмаштыруу үчүн калкты тейлөө борборунун мобилдик тобу анын жашаган үйүнө барып, документтерин кабыл алган. 

“Алгачкы кардарлардын бири Шамшия Шалпыкова 1916-жылы туулуп, өмүр бою Кочкор районунда жашаган. Анын жаш курагы эске алынып, бардык кызматтар акысыз көрсөтүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, калкты тейлөө борбору 1-топтогу майып, 29 жаштагы Жолдубай Төлөмүш уулунун паспортун алмаштырууга да көмөктөшкөнү айтылды.