Окуялар

Маевка айылында эки киши үйү менен кошо күйүп кетти

Бишкектин чекесиндеги Маевка айылында үй менен кошо эки киши өрттөнүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Маевка айылында турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры өрттөнгөн. Анын кесепетинен эки адам каза болду», — деп билдиришти ӨКМден.

Алар учурда эки маркумдун аты-жөнү, ким экендиги такталып жаткандыгын кошумчалашты. Өрт өчүрүүчүлөргө тилсиз жоо тууралуу маалымат түнкү 3.58де түшкөн. Саат 4.43тө чектөөгө алынып, толугу менен 8.03тө өчүрүлгөн

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button