Пандемияда кайсы курактагы адамдар көп жабыркады. Психологдун жообу

Коронавирус пандемиясы учурунда көбүнесе XXI кылымда туулган жаштар психологиялык жактан катуу жабыр тартышты. Бул тууралуу психология илимдеринин кандидаты Константин Абрамов Россиянын ММК булактарына берген маалыматы чыкты.

Адистин айтымында, буга жашоодо тажрыйбанын аздыгы себеп болду.

“Мисалы, улуу муун 1990-жылдары СССР кулагандан кийинки кайра куруу учурун баштан өткөрдү. Андан тышкары, дагы көп нерсени көрүп, стресстик абалдарга туруштук берүүгө үйрөнгөн. Ал эми тоскоолдуктарды көрө элек жаштар стресске кабылып, психологдорго кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн түздү”, — деди Абрамов.

Мындан улам адистер пандемиянын айынан кандайдыр бир кыйынчылыкка туш болгон жаштарды акыл токтотуп, позитивдүү нерселерди көп ойлонууга чакырат. Ошондой эле үйдө отурган маалда интернетти аз пайдаланып, андагы негативдерден оолак болгон туура экенин эскертет.