Коом
Коронавирус. Акыркы суткада дагы алты адам каза тапты
Өткөн суткада коронавирус 386 кишиден табылып, дагы алты бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 119;
- Ош – 2;
- Чүй облусу – 118;
- Ош облусу – 30;
- Талас облусу – 17;
- Нарын облусу – 11;
- Ысык-Көл облусу – 55;
- Жалал-Абад облусу – 7;
- Баткен облусу – 27.
Өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 68 702ге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор:
Бишкек – 4
Нарын – 1
Ош облусу-1
Ушуну менен өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын саны 1 223кө жетти.