Окуялар
ВИДЕО: Бишкекте милиция суукта көчөдө калган үй-жайсыз адамдарга жардам берди
Бишкек шаардык милициясы аба ырайынын температурасы төмөндөп суук болуп жатканына байланыштуу, үй-жайы жок адамдарды издөө боюнча профилактикалык иш-чараларды аткарып жатканын кабарлады.
Өткөн суткада милиция кызматкерлери шаардын көчөлөрүнөн 29 адамды таап, аларды «Коломто» муниципалдык мекемесине жеткиришкен.
Анда үй-жайы жок жарандарга убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип турат. Мындан сырткары, ошол жерде түнөөгө уруксат берилип, төшөк менен камсыздалат.
Бул шилтемеден милициянын үй жайсыз адамдарга көрсөткөн жардамын көрө аласыздар:
https://www.instagram.com/tv/CHzSSgQn1kB/?utm_source=ig_embed