УКМК: Ошто адамдын өлүмү үчүн шектүү алты милиционер кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ошто милициянын административдик имаратында бир адам кыйноодон каза болгонун билдирди. Окуя качан болгону так айтылган жок.

Мекеменин 20-ноябрдагы маалыматына караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгында катталган адам өлүмүнө байланыштуу Жазык кодексинин «Кыйноо» деген 143-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

26 жаштагы адамдын өлүмүнө шектүү катары 19-ноябрда облустук милициянын алты кызматкери кармалды. Алар атайын кызматтын Оштогу тергөө абагына отургузулду .

Азыр бул кылмышка тиешеси болушу ыктымал башка да адамдарды аныктоо, тергөө иштери жүрүп жатат.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет.