Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун, бузуулардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында уюштурулган 3 күндүк рейд жыйынтыкталды.
Анын алкагында айдоочулардын жолдо жүрүү эрежелерин көзөмөлдөө, жарандар тарабынан коомдук жайларда санитардык нормалардын сакталуусун жөнгө салуу жана коронавируска каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чара 2 этаптан түзүлүп, аба-ырайынын катаал шартына карабастан ийгиликтүү ишке ашырылды.
Биринчи этабында Ала-Бука районунун Өрүктү, Орто-Токой, Достук, Сары-Талаа айылдарында жана Чолок-Тума участкасында РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте посттор уюштурулуп, ар бир турак үйлөрдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, мүлк жана мал уурулуктун алдын алуу багытында маалыматтар жеткирилип, коронавирустан сактануу керектиги эскертилди.
Экинчи этабында түнкү мобилдик топтор түзүлүп, Ала-Бука, Өрүктү, Ак-Там айыл аймактарында, район борборунда жана Жаңы-Шаар, Алма-Бак, Сары-Талаа участкаларында рейддер жүргүзүлдү.
«Тартип» операциясы учурунда жалпы 2450 адамды камтыган 815 кожолук текшерүүгө алынып, райондук ички иштер бөлүмүндө даярдалган атайын эскертме баракчалары таратылды.
Аталган иш-чаранын натыйжасында 1 жаран атасынан калган сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган. Коомдук жайда спирт ичимдигин ичип алып, мас абалда жүргөндүгү үчүн 1 адамга протокол түзүлгөн. Алимент төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн издөөгө алынган 1 жаран кармалып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.
Мындан сырткары ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга жана алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы