Окуялар

ВИДЕО: Аялы менен анын көңүлдөшүн бычактап салган адам кармалды

20-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарынын Мирзо-Улугбек көчөсүндө жайгашкан соода борборлорунун биринде адам өлтүрүү болгонун жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Алдын ала маалымат боюнча, Пастдаргогм аймагынын 42 жаштагы тургуну соода борборуна кирген аялы менен анын көңүлдөшүн аңдып жүргөн. Кызганчаак күйөөсү  аялын жана анын көңүлдөшүн ошол жерден эл алдында бычактап өлтүрүп салган.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Хает Шамсутдиновдун айтымында, 20-ноябрда Самарканд шаарынын прокуратурасы тарабынан Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн (атайлап өлтүрүү) “а,г” пункту боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

https://youtu.be/jkqVrLwaKrY

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button