ИИМ: Таксисттин өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан адам кармалды (ФОТО)

2020-жылдын 12-мартында Сокулук районунун Белек айылында 1998-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылынын тургуну, “Яндекс” кызматында иштеген Жакшылык Асановдун өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүүлөр таксисттин денесине оор жаракат келтирип, курч нерсе менен анын кекиртегин кесип салышкан. Ага чейин, бир күн мурда, борбордун көчөлөрүнүн биринде салонунда кан издери бар таксистке таандык “Хонда-Фит” унаасы табылган.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн оор кылмыш иши боюнча  сотко чейинки өндүрүштү Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмү  жүргүзө баштаган. Көп өтпөй ички иштер органдары бул кылмыштын бетин ачып, жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бул мыкаачылыкка тиешеси бар адамдар аныкталган. Киши өлтүрүүгө шектелип, үч жаран кармалган: 21 жаштагы Ж.Р., 24 жаштагы А.Б жана 31 жаштагы П.Ж..

Такталган маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 10-мартында түнкү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Киев  жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар таксисттен Сокулук районунун жанына жеткирип коюну суранышкан. Түнкү саат 02:30 чамасында Сокулук районунда, ээн жерден алар такси айдоочусуна кол салышып, катуу буюм жана бычак менен көптөгөн жаракаттарды келтиришкен. Андан соң, өлтүрүлгөн адамдын сөөгүн кылмыш болгон жерден алыс эмес жерге таштап, анын унаасы менен борбор шаарды көздөй жөнөшкөн.

Тергөөдөн качып жүргөн дагы бир шектүүгө байланыштуу иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Учурда сот иши жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул  кылмыш   иши “Хонда-Фит” унаасын ээлеп алуу максатында жасалган.

2020-жылдын 20-ноябрында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын   ыкчам кызматкерлери тарабынан оор кылмышка тиешеси бар деп шектелип  издөө  жарыяланган 1995-жылы туулган жаран Р.Д. кармалды.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы билдиргендей, кармалган Р.Д. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы