Садыр Жапаров: Атын ачыкка чыгарбоону суранып, экономикалык мунапыс менен акча төккөндөр бар

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров экономикалык мунапыс жарыялаганына бир ай болгонун жана мыйзамдар кабыл алынса, ал иштей баштарын билдирди. Жапаров бул тууралуу 23-ноябрда Жетинчи каналда журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ал экономикалык мунапыс жарыялангандан бери атын ачыкка чыгарбоону суранып, казынага акча төккөндөр бар экенин билдирди.

“Бир ай болуп калды. Жаңы мыйзам кабыл алынышы керек эле. Мыйзам экинчи окуудан өтүп, үчүнчү окуудан өтпөй турат деп жатышат. Эгер ошол мыйзам кабыл алынса, дароо күчүнө кирип иштей баштайт. Өз каалоосу менен төгүп жаткандар бар. Анын так суммасын сурай алган жокмун. Каражат чогулуп калды. Бир топ эле кишилер келип төгүп атат. Аттарын азыр айтууга болбойт. “Өз каалообуз менен төгүп жатабыз, атыбызды айтпай эле койгула” дегендер да бар экен. Эми анын баарын кийин отчет менен беребиз. Бирок, аттарын ачыкка чыгарбайбыз”, – деди Жапаров.

21-октябрда Жапаров экономикалык мунапыс жарыялап, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берген. Мындан тышкары ал ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттер токтой турганын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп жатканын билдирген.

Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп бере турганын билдирген. 19-ноябрдагы маалыматка ылайык, Матраимов азырынча 536,2 млн. сомду мамлекетке төктү.