Окуялар

33 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип чогуу жашаган эркек кармалды

Чүй облусунда бычак жеп ооруканага жетпей каза болгон аялдын өлүмүнө шектүү катары чогуу жашаган 41 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, каза болгон аял жана анын өлүмүнө шектүү спирт ичимдигин ичип отуруп, чатакташа кетишкен. Эркек аялды бычак менен сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жетпей жолдо үзүлгөн. Бул окуя боюнча кабар милицияга 24-ноябрда саат 16:30 чамаларында түшкөн.

Учурда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки тергөө башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button