Конституциялык кеңешме: Орус тили расмий макамдан ажыратылбайт

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешме Кыргызстанда орус тили расмий макамдан ажыратылбашы керек деп эсептейт. Бул боюнча азыркы норма өзгөрүүсүз калтырылганын 27-ноябрда кеңешменин мүчөсү, Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору Урмат Аманалиев билдирди:

«Орус тили расмий тил бойдон калды. Ооба, норманы Конституциядан алуу тууралуу сунуш болгон. Орус тили расмий тил деген норма калды».

26-ноябрда Конституциялык кеңешменин мүчөсү, коомдук ишмер Садирдин Төралиев кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керектиги тууралуу сунушун айтып, себебин кыргыздар эне тилин унутуп баратканы менен түшүндүргөн. Бул сунуш дароо кызуу талкуу жараткан.

Кеңешменин мүчөсү, Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор Сыртбай Мусаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып тил маселесине келгенде башка тилдерден мурда мамлекеттик тил жөнүндө ойлонуу зарыл экенин айтып, Кыргызстандын тагдыры Орусия менен байланышта экенин белгилеген.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий тил деген макамга ээ.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга 17-ноябрда чыгарды. Аны талкуулаш үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Кеңешмеде англис тилине да расмий макам берүү керек экендиги айтылды. Оппоненттер мындай сунушту абсурд деп аташты.