Спорт
Кыргызстан ФИФАнын жаңы рейтингинде 96-орунга жайгашты
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жаңыланган рейтингинде 96-орунга жайгашты. Жаңы рейтинг 10-декабрда жарыяланган.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде 16-орунда турат.
Быйыл улуттук курама команда коронавирус пандемиясына байланыштуу бир дагы оюн өткөргөн жок.