Айсулуу Тыныбекова бүгүн Дүйнө кубогундагы биринчи беттешин өткөрөт
Айсулуу Тыныбекованын Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогундагы алгачкы атаандашы аныкталды.
Ал Дүйнө кубогунда 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашат жана мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштайт. Анын биринчи атаандашы румыниялык Крисца Тунде болмокчу.
Ошондой эле Дүйнө кубогунда Кыргызстандын атынан Нураида Анаркулова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы ат салышат.
Тыныбекова бүгүн, 14-декабрда күрөшкө чыкса, калгандары эртең, 15-декабрда күрөшөт.
Кыргызстандын балбан кыздарынын биринчи атаандаштары:
57 кг салмакка чейинки категорияда, 1/8 финалдык баскычта
Нураида Анаркулова – Патрисия Гиль (Польша);
62 кг салмакка чейинки категорияда, 1/8 финалдык баскычта
Айсулуу Тыныбекова – Крисца Тунде (Румыния);
68 кг салмакка чейинки категорияда, 1/4 финалдык баскычта
Мээрим Жуманазарова – Анна Садчанка (Беларусь);
76 кг салмакка чейинки категорияда, 1/4 финалдык баскычта
Айпери Медет кызы – Мария Оряшкова (Болгария).