Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда финалга чыкты.

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Сербияда Дүйнө кубогунун финалына чыкты.

Жарым финалда атаандашы россиялык Любовь Овчарова болуп, аны 13:2 эсебинде жеңип алды.
Буга чейин Тыныбекова алгачкы беттешинде румыниялык атаандашы Крисца Тундени 10:0 эсебинде таза жеңиш менен уткан. Аны менен таймашкандар Түркиядан жана Румыниядан болгон эле.