Дүйнө

Улуу Британияда 17 жаштагы бала энесине 118 жолу бычак сайган

Улуу Британияда 17 жаштагы бала энесин муунтуп өлтүргөндөн кийин, денесине 118 жолу бычак сайган. Андан кийин ал чукул кырдаалдар кызматына чалып, алардан жансыз денени салуу үчүн баштык ала келүүсүн суранган, деп жазат «Daily Mail».

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, өспүрүм чуркоодон кайтып келген энесин үйүнөн карап турган. Андан кийин аны муунтуп, аялдын эс-учун жоготконуна көзү жетип, башына 38, моюнуна 64, колуна 16 жолу бычак сайган.

Андан кийин ал 999 номерине чалып: «Мен азыр эле апамды өлтүрүп салдым. Мен аны муунтуп өлтүргөндөн кийин, денесине бир нече жолу бычак сайдым», — деп айткан.

Окуя ушул жылдын июль айында болгон, бирок сот отурум 14-декабрда болду. Соттук отурум октябрь айында өтүшү керек болчу, бирок белгиленген күндөн бир нече күн мурун, өспүрүмдүн жансыз денеси психиатриялык оорукананын бөлүмүнөн табылган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, бала жынысын жана атын Бенден Роуэнге өзгөрткөн.

Өспүрүмдүн атасы ал апасын атайылап өлтүрбөгөнүн, жеке мектепте окуп жүргөндө алган психологиялык көйгөйлөрдөн улам мындай ишке барганын айтууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button