Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 24-декабрда мамлекеттик органдардын айрым жетекчилеринин, кмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президенттик шайлоо учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине сунуштамалар каралат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жана ички иштер министри Улан Ниязбеков республикада коронавирус инфекциясы шартында президенттик шайлоону уюштуруу жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жаатында аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат беришет.

Жыйын саат 11:00дө башталат.