Пайдалуу кеңештер

Бала канча жаштан тарта социалдык тармакка катталса болот. Адистин кеңеши

Балага социалдык тармактын мазмунуна жараша 12, 14 же 16 жаштан тарта катталууга уруксат берсе болот. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине клиникалык психолог Мария Зеленова билдирди.

Адистин айтымында, дал ушул курактардан тарта балдарда кырдаалды анализдөө, жоопкерчилик сыяктуу сапаттар калыптана баштайт.

«Бул курактарда баланын мээси жетишерлик деңгээлде иштеп, маалыматты анализдеп, ар кайсы аракеттин кесепети тууралуу түшүнө баштайт. Башкача айтканда, акырындык менен ак-караны, жаман-жакшыны айырмалап калат. Бирок жашоодо тажрыйбасы аз болгондуктан алданып, туура эмес жакка кетпеши үчүн дагы деле ата-эненин көзөмөлү керек», — деди Зеленова.


Ошондой эле ал ата-эне балага гаджет алып берип, интернетке киргизип коюп эле тим болбой, аны кантип колдонуу керектигин түшүндүрүшү зарыл экенин айтат.

«Балдар үчүн кооптуу контенттер көп. Демек кайсы бир сайтка техникалык жактан чектөө койгондон сырткары, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Аткени азыр өспүрүмдөрдү туура эмес жакка сүйрөгүсү келген шылуундар өтө тажрыйбалуу болуп алышкан, ата-эне күтпөгөн жактан пайда болушу мүмкүн», — деди адис.


Мындан тышкары, психолог баланын социалдык тармакта өткөргөн убактысына дагы көңүл бурууга чакырат. Анткени бир нече саат катары менен «онлайн» болуп туруу баланы реалдуу жашоодон алыстатып ийиши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button