Индияда да коронавирустун жаңы түрү аныкталды

Улуу Британиядан Индияга кайтып барган алты адамдан «британиялык» коронавирустун жаңы мутациясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бөлүмдүн маалыматы боюнча, ал адамдардын бардыгы медициналык мекемелердеги жалгыз изоляторлордо кармалып, алар менен байланышта болгондор да карантинге алынган.

«Жүргүнчүлөрдүн, туугандардын арасынан алар менен байланышкан адамдарды издөө иштери башталды. Башка үлгүлөрдө геномдун ырааттуулугу улантылууда. Абал тыкыр көзөмөлдөнүп жатат жана алынган анализдер «INSACOG» лабораторияларына үзгүлтүксүз жиберилип турат», – деп билдирди министрлик.

Буга чейин Дания, Нидерланды, Австралия, Италия, Швеция, Франция, Испания, Швейцария, Германия, Канада, Япония, Ливан жана Сингапур коронавирустун жаңы мутациясы бар экенин билдиришкен