Окуялар

Пакистандык жарандардын 40 миң доллар акчасын тартып алган шектүүлөрдү кармашты (ФОТО)

Чүй ОИИББгы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери Пакистандык жарандардан күч колдоонуу аракеттери менен 40 миң доллар акчасын алып, изин жашырып качып кеткен шектүүлөрдү кармашты.

«2021-жылдын 13-январь күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы «Сосновка» стационардык постунда саат 22:00 чамасында Мерседес унаасына «перехват» планын жарыяланган. Себеби Тажикстандын жарандары күч колдонуп, Пакистан жарандарынан 40 миң доллар акчасын карактап, андан кийин күмүш түстөгү “Мерседес” үлгүсүндөгү унаасы менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

Жогорудагы маалыматты алган «Сосновка» постунун нөөмөттүк инспекторлору жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын документтерин текшерүү учурунда күмүш түстөгү “Мерседес” үлгүсүндөгү унаасын токтотушкан. Айдоочуну текшерип жатканда бир нерсеге тынчсызданып жатканы байкалган. Текшерүү учурунда кызматкерлер унаадагылар бир жакка шашып же качып баратканын түшүнүшкөн.

Ыкчам-топ аталган жерге келип, шектүүлөрдү кармашкан. Аларга тинтүү жүргүзгөндө чоң суммадагы акча табылган. Сурамжылоо жүргүзүү учурунда Тажикстан Республикасынын жарандары бул ири сумманын кандай алышканын түшүндүрө алышкан эмес. Тажикстандын үч жараны тең кармалып, кошумча тергөө амалдары жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине жеткирилди.

Чүй ОИИББгы боюнча ЖКККБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button