Окуялар

Бийлик өкүлүн тапанча менен коркуткан жаран кармалды (ФОТО)

2021-жылдын 12-январь күнү саат болжол менен 16:30 чамасында Баетов айылынын администрацияна белгисиз адам мас абалында келип тынчтык бербей жатат, жанында тапанча көтөрүп жүрөт деп Ак-Талаа РИИБнө билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүү боюнча жогорудагы дарекке ыкчам тергөө тобу барган учурда Ак-Талаа районунун тургуну 1979-жылы туулган А.Э. экендиги аныкталып, жанында газопневматикалык тапанчаны эч кандай далилдөөчү документтери жок көтөрүп жүргөндүгү такталган.
Аталган факты Ак-Талаа РИИБү тарабынан КР Жазык Кодексинин 266-берене (ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө Чүй облусунун тургуну 1979-жылы туулган А.Э Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрацияна мас абалында барып, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациянын башчысы 1971-жылы туулган К.Снын иш бөлмөсүнө кирип барып, өзү менен бирге алып жүргөн белгисиз ок атуучу куралы менен тап берип, зомбулук колдономун деп коркутуп, түшүнүксүз сөздөр менен нааразы ирээтинде ар кандай сөздөрдү айтып колундагы ок атуучу куралын К. С такап, бийлик өкүлүнө жүрүм-турум ченемдерин атайылап одоно бузганы аныкталган.

2021-жылдын 14-январь күнү Ак-Талаа райондук тергөө соту бөгөт коюу чарасын камакка алуу түрүн тандап алуу өтүнүчү киргизилип 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.
Азыркы учурда тийиштүү соттук-экпертизалар дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button