ИИМ: Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында тартип бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынан коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана ар кандай багыттагы тартип бузуулардын болтурбоо максатында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында атайын комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чаранын алкагында криминалдык кырдаал толугу менен кылдат иликтенип, тартип бузуулардын алдын алуу, издөөдө жүргөн кылмышка шектүүлөрдү кармоо жана башка региондордон жана башка мамлекеттер тарабынан издөөгө алынган ыкчам маалыматтар менен иштөө, социалдык терс көрүнүштөрдү жараткан жашаган жери жок адамдардын, кайырчылардын укук тартибин бузбашын көзөмөлгө алуу, айрым бир шек жараткан обьектилерди да текшерүү жана милицияда каттоодо турган жарандар менен коомдук тартипти сактоо багытында иш жүргүзүлүүдө.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө укук тартибин бузгандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы