Коом

Дарыгерлердин шалаакылыгыбы? Токтогул районунда 42 жаштагы келин төрөттөн каза болду

Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылынын 1978-жылы туулган тургуну төрөттөн кийин каза болду. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка караганда, милицияга арыз менен келиндин күйөөсү кайрылган. Ал Кара-Көл шаарынын ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн даарыгерлери аялына туура эмес кан куюп, дарылаганын белгилейт.

Келин операция жолу менен төрөп, абалы начарлагандан кийин Бишкекке которулуп, Улуттук хирургия бөлүмүндө каза табат.

Аталган иш боюнча Кара-Көл шаардык оорукананын тийиштүү кызматкерлери суралып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button