Нурболот Үсөнбаев: Жаңы мутация болгон вирустарды өлкөгө киргизбөө аракети көрүлүүдө

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, коронавирустун жаңы штаммдары Англия, Австралия жана башка мамлекеттерде чыгып жатканы белгилүү. Ошондой эле, мутация болгон вирустардын табылып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Россия Федерациясында 1500 миңге жакын мутация болгон учурлары табылгандыгы аныкталып, изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

“Жаңы мутация болгон вирустарды өлкөгө киргизбөө аракети көрүлүүдө. Айта кетсек, чек арада, өтмөктөрдө санитардык-карантиндик пункттардын иши күчөтүлүп: дене табы өлчөнүп, анкета толтурулуп маалымат алынууда. Мындан сырткары, жаңы алгоритм иштелип чыккан. Ага ылайык, биздин өлкөгө келген жарандарда, жарандыгына карабастан ПЦР изилдөөнүн терс жыйынтыгы тууралуу маалымкат болушу шарт”, – деп билдирди Н. Үсөнбаев.