Белгилүү дин аалымы, маркум Чубак ажы Жалилов бүгүн 46 жашка толмок (Өмүр баяны)

Белгилүү дин аалымы, Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болсо бүгүн 46 жашка толмок.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетин аяктаган. Орто мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Сауд Аравия өлкөсүндөгү дүйнөгө таанымал “Умм аль-Куро” эл аралык университетинин алдындагы Араб тили институтун бүтүрүп, андан соң шарият факультетинен шарият жана усул боюнча бакалавр даражасына ээ болгон.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинен теология боюнча магистрдик даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:
1995-1998 ж.ж. — Кыргыз Улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим;
2005-2007 ж.ж — Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти;
2008-2010 ж.ж — Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстан Ислам университетинде мугалими;
2010-2012 ж.ж — Кыргызстандын Азирети Муфтийи;

Үй-бүлөлүү, 3 уул, 3 кыздын атасы. Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөп, эл сүйүп окуган бир нече китептердин автору.

Чубак ажы Жалилов 2020-жылы июль айында пневмониядан каза болгон.