Спорт
Кыргызстандык дзюдочулар Израилдеги эл аралык турнирге катышат
Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасы Израилдеги “Tel Aviv Grand Slam Israel” аталышындагы эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 18-20-февраль күндөрү Тель-Авив шаарында өтөт.
Аталган мелдешке дзюдо боюнча улуттук курама команданын төмөнкү мүчөлөрү катышат:
- Кубанычбек Айбек уулу – 60 кг;
- Отар Бестаев – 60 кг;
- Артур Те – 66 кг;
- Владимир Золоев – 81 кг;
- Эрлан Шеров – 90 кг;
- Юрий Краковецкий – 100 кг салмактан жогору.