Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов кызматын убактылуу токтотту

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов кызматынан убактылуу четтей туруу жөнүндө арыз жазганына бир жумадай болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев кабарлады.

Атабаевдин айтымында, Маликов мындай чечимин үй-бүлөлүк себепке байланыштырган:

“Кадыр Маликов кызматынан убактылуу кете туруу чечими боюнча арыз бергенине бир жумадай болуп калды. Ал муну үй-бүлөлүк себептерден улам деп негиздеген”.

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан Максатбек Токтомушевдин арызын карап, канааттандырган.

Ошол эле күнү Мусулмандардын дин башкармалыгынын уставына ылайык муфтийдин милдетин аткаруучу болуп анын орун басары Жоробай Шергазиев дайындалган.

Ал эми муфтийди шайлоо боюнча курултай 5-апрелге белгиленип жатат.

Атайын кызмат муфтиятта каржылык мыйзам бузуу болгонун айтып, сотко чейинки териштирүү жургүзүп жатат. Алгач башкармалыктын башкы эсепчиси кармалып, ал эки айга камакта калтырылды. Ушул эле ишке байланыштуу кармалган мурдагы муфтий Токтомушевди сот өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотту.